Menu

Нурбек Алимбеков, депутат: Курулуштагы башаламандыктардын баарын иретке келтиришибиз керек

Бөлүшүү:

—Нурбек мырза, өткөн жумада парламентте өкмөттүн кышка даярдык маселеси талкууланды. Даярдык сиздин купулга толдубу?

—Өткөн жылы өкмөттүн кышка даярдыгы начар болуп, ТЭЦте авария катталбады беле. Быйыл өкмөт ошол маселени эске алып, “сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет”- дегендей быйыл жакшы эле даярданышса керек. ТЭЦтин техникалык жактагы кемчиликтеринин баарын текшерип, ар бир тетигин кылдат карап чыгышса керек. Айтор, өкмөт кышка даярдыгыбыз жакшы деп ишенимдүү айтышты. Мен да көмүр маселеси боюнча бир катар суроолорду бердим. Негизи биздин ТЭЦке 1 миллион тонна көмүр керектелет. Ошонун 600 миң тоннасы өзүбүздөн ташылып келет. Анын 550 миң тоннасы Кара-Кеченики, 50 миң тоннасы Таш-Көмүрдүкү. Калган 400 миң тоннасы дагы эле Казакстандан ташылып жатат. Биринчи вице-премьер министр Кубатбек Бороновдун айтымына караганда биздин көмүр ТЭЦке келгенче кымбат болуп жатыптыр. Казакстандан ташылып жаткан көмүрдү жылына 50 миң тоннадан азайтабыз деп билдиришти. Менимче, кымбат болсо да, өзүбүздөн эле ташыганыбыз оң. Өзүбүздүн көмүр кенен. Сапаты да жакшы. Ошон үчүн кандай болгон учурда да өзүбүздүн көмүрдү казып алып турсак, пайдасы чоң болот. Болгону карьерлерге техника ж.б. тиешелүү шарт түзүп берип, баа саясатын көзөмөлгө алуу зарыл.

—Өкмөт контрабанда жолу менен ташылып жаткан товарларга чара көрө албай жатат деген сындар көбүрөөк айтылып жатат. Бул боюнча сиздин пикирди угалы…

—Чынында контрабандалык жолдор менен ташылган товарлар абдан эле көбөйүп жатат. Мен да бул маселе боюнча өкмөткө кайрылгам. ЕврАзэстин эң башкы талабы чек аралар ачык болушу керек да. Ошон үчүн чек ара бекетине салык кызматкеринен алып барып коюшту. Ал деле натыйжа бербеди. Азыр бул ишти Чек ара кызматкери аткарып жатат го. Эми алар кирип чыккан машинаны каттап эле коюшат экен. Баарыбыз билгендей: контрабандалык жолдор менен ГСМ, кумшекер, ун, курулуш материалдары көп ташылып жатат. Өкмөткө бул маселени көп эле айтып жатабыз. Менимче, өкмөттүн да өзүнүн планы болсо керек. —Коррупцияга каршы жүрүп жаткан күрөшкө кандай баа бересиз?

—Жогору эле баа берсек болот. Күрөш жакшы деңгээлде жүрүп жатат. Мындан да катуу жүрсө мамлекетибизге пайдасынан башка зыяны болбойт. Ар ким коррупцияга каршы күрөштү ар кандай кабылдап жатат. Тандоо иретинде жүрүп жатат дегендер да арбын. Айтор, пикир бир кылка эмес. “Эл оозунда элек жок”, “Калк айтса, калп айтпайт” деген да бекеринен айтылбаган сөздөр бар эмеспи. Кыскасы, коррупцияга каршы күрөш токтобой, мындан да күчөп, тазалануу, катуу тартип болуп турса дейт элем.

Курулуш тармагы боюнча кененирээк кеп кылалы. Себеби, сиз бул тармактын күнгөй-тескейин жакшы билесиз. Анын үстүнө Жогорку Кеңештин ушул багыттагы комитетинде мүчө эмессизби. Деги эле Кыргызстандагы курулуш жаатындагы башаламандыктар качан иретке келтирилет?

—Чынын айтканда биздин өлкөнүн курулуш тармагы, өзгөчө жеке багыттагы курулуштар дүркүрөп эле өсүп жатат. Ал эми мамлекет тарабынан салынып жаткан социалдык курулуштар боюнча көйгөйлөр көп эле. Маселен, биздин райондо 5-6 жылдан бери бүтпөй турган соцобьекттерди мен көп эле айтып келем. Бирок иш жылбайт. Бул бир эле мисал. Мындай көрүнүш ар бир райондо бар. Учурда, өзгөчө шайлоо маалында эч кандай планы жок эле курулуш имараттарын баштап коюшуп, же аны аягына чыгарбай калтыра беришкен. Эми биз мындай өнөкөттөн арылышыбыз абзел. Биз бул боюнча кайрылуу жасап жатабыз. Бүтпөй турган курулуштарга көбүрөөк акча бөлүп, бүтүртүүнү көздөп жатабыз. Себеби, 5-6 жыл, 10 жыл мурун башталган курулуштардын сапаты кетип, курулуш материалдары касиетин жоготуп жатат да. Бир чыгынып, бир-эки жылдын ичинде бүтпөй келген курулуштарды бүткөрүп алып, андан кийин 5 жылга стратегиялык план менен курулуштарды жүргүзсөк жакшы болот эле. Дагы бир көйгөй – бул курулуштун баасы. Тендер маселеси. Баарыбыз билгендей бир райондо 30 миллион сомго курулган мектеп, экинчи райондо ошондой эле типтеги мектеп 50 миллионго курулуп жатат. Тендер маселесинде коррупция болгонун ушундан улам эле билсек болот. Мейли курулуш материалдарын ташуу үчүн жол чыгымына 3-4 миллион кетсин. Ошондо деле 15 миллион ашыкча болуп жатпайбы. Бул жагын айтсак, тиешелүү министрликтин ар кандай шылтоодогу жооптору даяр да. Биз ушундан кийин: мындан ары 150 орундуу, 225 орундуу, 700 орундуу мектептерди курууну бирдей пландап чыгып, бааларын да теңдеп, ошол боюнча куруу иштерин жүргүзүү боюнча өкмөткө тапшырма бергенбиз. Тендерде да көп сумманы коюп коюшат. Коррупциянын баары ушул тендерде. Тендерди бир чоң компания утат дагы, алчусун алып туруп, кайра башкага соодалашып сатып жиберет. Ушундан улам сапатсыз соцобъектилер курулуп жатат. Мына ушул маселелердин баарын талапка ылайык иретке келтиришибиз керек.

Ал эми жеке курулуш компания боюнча анчалык көйгөйлөр жок. Бирок биздин комитетке: “Иска-Строй”, “ОПС -строй”, “Алянс-Курулуш” сыяктуу 4-5 эле компаниялардын үстүнөн даттануулар келип түшкөн. Ал компаниялар элди алдашкан, же дагы башка мыйзамсыз иш кылышкан да. Эми алар мыйзам алдында жооп берип жатышат. Негизинен мыйзамсыз курулган үйлөр боюнча да тиешелүү иштер жүрүп жатат. Мисалы, Токтогул көчөсүндөгү бир курулуш иши токтотулуп, түртүлдү.

—Сөзүңүзгө аралжы. Бизде мыйзам бийликте таанышы жокторго иштейт экен. Ал эми кызматта иштеген, же чоң “крышасы” бар адамдар мыйзамды тебелеп салып эле, тыюу салынган жерлерге каалагандай имарат куруп жатышат. Буга мисал катары Ак Үйдүн батыш тарабындагы мэр Суракматов менен мурунку депутат Кудайбергеновдун куруп жаткан имаратын айтсак болот. Ал боюнча кылмыш иши да козголуп, курулуш токтотулган болчу. Бирок ал кылмыш кыскарып кеткенби, айтор бүгүнкү күндө кайрадан курулушту кызуу жүргүзүп жатат. Бул боюнча эмне дейсиз?

—Туура, убагында сиз айткан маселени баарыбыз ЖМКлардан окуганбыз. Бирок мына азыр көрүп жатабыз. Сиз айткан имарат 4-5 кабатка чейин курулуп, үстү жабылды. Мыйзамсыз болсо бул жерге имарат курулбайт болуш керек эле. Ак Үй стратегиялык маанидеги имарат болгондуктан бийик кабат имараттар курулбашы керек деген мыйзам бар да. Ошон үчүн 4-5 кабаттан кийин үстүн жабышты окшойт. Азыр эл курулуш компанияларына оңой менен мыйзамсыз курулуштарды курдурбайт. Акыркы учурда жарандык көзөмөл күчөп жатат. Буга чейин жарандык коом бир топ мыйзамсыз курулуштарды токтотту. Бул жакшы көрүнүш.

—Соңку суроо болсун. Кайрымдуулук жана атаңыз тууралуу сурайын. Жакында атаңызга президент ардактуу наам берди. Мына ушул эки маселе тууралуу учкай маалымат берсеңиз?

—Кайрымдуулукиштерин колубуздан келишинче жасап жатабыз. Бул иш чынында ыйык иш эмеспи. Жакында эле атабыз менен кеңешип, Ош шаарында көзү азис Нуркамил уулу Асилбекке бир бөлмөлүү толук бүткөрүлгөн үй бердик. Ал адамдын балдарынын да да көзү азис болуп туулган экен. Мындан тышкары, жардамга муктаж жесир, жетимдерге жардам деп 40 үй-бүлөгө саан уй таратканбыз. Чынында жардам сурап кайрылгандар көп эле болот. Биз шартыбызга карап, аларды кур кол кетирбегенге аракеттерди кылып жатабыз. Ал эми менин атам биздин айылда биринчи англис тилинен сабак берген мугалим. 45 жыл мектепте англис тилден сабак берди. Завуч болду, мектеп директору болуп иштеди. Башталгыч класстар боюнча окуу усулдарын, пособияларын жазып чыккан. Социапдык мелдештердин жеңүүчүсү болгон. Пенсияга чыккандан кийин да, тагыраагы 1990-жылдардын кийин баары таланып-тонолуп, чекесинен сатылып жатканда колхоздогу бала-бакчаны тонотпой өзү демилгелеп сактап калган. Биз 13 бир тууганбыз. Ал кезде мамлекеттик кызматтарда эмес элек, өзүбүздүн ишибизди кылып жүргөндө атам ошол бала-бакчага өзүнүкүнөн тышкары бизге да акча топтотуп жалпысынан 3 миллион сом сарптап, оңдотуп-түздөтүп койгон. Азыр ал бала-бакчада 100 бала тарбияланып жатат. Бул жеке менчик бала-бакча эмес, мамлекеттики. Сооронбай Шарипович Ошто губернатор болуп турганда биздин айылга барып социалдык имараттардын ачылышына катышып, атамдын эмгегинен кабар алып жургөн. Президент атамдын эмгегин эске алып, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» деген ардактуу наамды ыйгарды.

Айбек Шамшыкеев

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − 14 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: