Menu

Почта кызматкерлери Өзгөчө абал киргизилген райондордогу пенсионерлерге пенсиясын үйүнө жеткирип беришет

Бөлүшүү:

Өзгөчө абал тартиби кирген аймактарда, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондорунда жашаган пенсионерлерге пенсияны почта бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үйүнө чейин жеткирип беришет. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде өкмөттүк онлайн брифнгде Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев билдирди.

Ал кошумчалагандай, бул банктардын кассалары аркылуу пенсия алган жарандарга да тиешелүү.

“Бишкек шаары менен Ош шаарындагы пенсионерлер карточка аркылуу алып жүргөндөр пенсия карточкаларга которулат, почта кызматы аркылуу алгандарга, почтанын кызматы аркулуу төлөнөт. Бишкек менен Ош шаарынын почта кызматтарына пенсиясын банк аркылуу алгандардын акчасын которбогонубуздун себеби, Бишкек менен Ош шаарларында банкоматтар жетиштүү жайгашкандыгына байланыштуу которгон жокпуз” – деп билдирди Медер Ирсалиев.

Ал белгилегендей, эгер пенсионерлер учурда дареги боюнча жашашпаса же башка жакка кетишсе, ал кийинки айда эки айлык пенсиясын ала алат.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: