Menu

Ырчы Анжелика Маданият министри Нуржигит Кадырбековдун айткандарына жооп кайтарды

Бөлүшүү:

Ырчы Анжелика Кайратовна Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун айткандарына жооп кайтарды. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасына билдирүү жазды.

Белгилей кетсек, буга чейин Нуржигит Кадырбеков мамлекеттик иш-чараларга чакырганда келбеген ырчыларга чара көрүү керек деген ой-пикирин айткан.

Эми ырчыларды дагы жаңы министрибиз угуп койсун. Бир суроо: Концерттик зал куруу планда барбы?
Мен эми кара тизмеге даана түшөм го. Мейли, учурдан пайдаланып, өз оюмду жазайын.

1. 23 жылдан бери эмгегимдин тарыхчасын ачып, бир грамота бербеген маданият министрлигине мен дагы нааразычылыгымды билдирип кетейин .

2. Ырчылар арасындагы бир дагы мамлекет тарабынан өткөн концерттерге температура болсок дагы, жаңы төрөсөк дагы, COVID 19 болсок дагы чакыруудан калбай барып жатабыз. Керек болсо 15 жыл аралыгында чоңдор үчүн (кой, балким , баалап калат деп) резиденцияга барып , бир күндөп репетиция жана кезек күтүп ырдап келе жатабыз. Ыр жаздырганга, же ошол эле жасанганга жетпеген акча төлөнүп калат. Анан албетте той багып келет бизди.

3. Жеке концертке тааныш-билиш аркылуу гана министрликтен келип, куттуктоо сөз айтып калышбаса, айтор, буга чейинки эки министр тең тойго кетип, маданият өкүлдөргө көңүл бурулбай калган учурлар жок эмес.

4. Кечээ 20дан ашуун ырчылар эшикте, суукта, маданият министрлигинин чакыруусу менен бекер ырдап, колдодук. Бир сом эмес, бир стакан ысык чай уюштура алышпады.

5. Мен кээ бир чыгармачылыктагы агай эжелеримди көрүп кабыргам кайышат. Өз өмүрүн чыгармачылыкка арнап, тытынып соода кылып – акча таап, ошол акчага ыр жаздырып келишет. Клип, костюм, жайылтуу деген нерселерге укмуш көп акча кетет. Мунун баары – чыгармачылыкка, угармандарына болгон сүйүү үчүн.

6. Ал эми кыялданып жүрүп алган “маданият отличниги” – эмне берет? 1% арзандатуу бир жерге берилсечи.

7. Чара көргөндөй, мамлекеттик кызматкер болуп, айлык алып жатабызбы? Мамлекеттин же министрликтин каттоосунан тастыктоочу күбөлүк алыптырбызбы? Же маданият күнүңөр менен деп бир куттуктоо кагазын беришиптирби ушул күнгө чейин?

8. Ырчыларды чогултуп , жыйын өткөрүлүш керек деп ойлойм. Улуу муун ырчылардан, жаштардан байкоочу кеңеш түзүлсүн! Ачык иштеп, келишимге кол койдуруп, анан чараларды көрө бергиле“, – деп билдирүү жазды ырчы Анжелика.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: