Бүгүн, 7-ноябрда Бишкек шаарында Маалымат жана басма сөз күнүнө карата Кыргызстан эгемендүүлүктү алган жылдардан бери, акыркы 25 жыл аралыгында каза болгон журналисттерди эскерүү иш чарасы болуп өттү.
Эскерүү иш чарасы ушул чейрек кылымда каза болгон 120 журналисттин фотогалереясын ачуу менен башталды. Анда кыргыз журналистикасынын корифейлери Алым Токтомушев, Мелис Эшимканов баштаган 100дөн ашык журналисттин фотопортреттери коюлган. Уюштуруучулардын айтымында, иш чара бүткөндөн кийин бул фотопортреттер Улуттук университеттин журналистика факультетине өткөрүлүп берилет.
Андан кийин көзү өткөн журналисттердин арбагына багышталып куран окулуп, артынан иш чаранын катышуучуларына сый тамак берилди.
Иш чарага маркумдардын жакын туугандары, коомдук ишмерлер жана журналисттер катышышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ