Баткен облусу менен Өзбекстандын Фергана облусунун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, Өзбекстандын Вадил шаарында өткөн жолугушууга өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, Кадамжай жана Баткен райондорунун акимдери, облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, Мамлекеттик чек ара кызматынын облустук башкармалыгынын башчысы жана башка күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Анда эки өлкөнүн жарандарынын коопсуздугу, эки мамлекеттин аймагында жүрүүнүн шарттары, эки тараптуу кызматташуу, соода-сатык жүргүзүүдөгү эрежелер боюнча алакаларды мындан ары да жакшыртуу боюнча сүйлөшүүлөр болду.
Эки тарап экономикалык, саясий, маданий багытта кызматташтыкты өркүндөтүү, чектеш аймактардагы келишпестиктин алдын алуу, өткөрмө бекеттерден өтүү эрежелерин жеңилдетүү жана эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкерлерди кармоо боюнча биргелешип аракеттенүү боюнча макулдашылган протоколго кол коюшту.
Бул жолугушуу Кыргызстандын Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Өзбекстандын Фергана, Анжиян жана Наманган облустарынын акимдеринин кеңешинин иш-чарасынын алкагында өттү.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ