УКМКнын жемкорлукка каршы күрөшүү багытындагы ыкчам иш аракеттеринин негизинде Бишкек шаардык транспорт каражаттарын каттоо бөлүмүнүн башчысы Насирбек Алмаматов тузакка түшүрүлдү. Ал жеке кызыкчылыгы үчүн жарандар транспорттук каражаттарын каттап же кайра каттоодон өткөргөн маалда, ошондой эле автомектептерде экзамен тапшырып айдоочулук күбөлүк алган учурда өзүнчө коррупциялык схема түзүп, майталканга маарып келгени ачыкка чыкты. УКМК кызматкерлери оперативдик иш-чаранын негизинде 5-октябрда факты менен кармап, «тирсегинен» илди. Башкы прокуратура 313,313-1,304,314-беренелердин негизинде кылмыш ишин козгоду. Алмаматов акчаны «терминал» сыяктуу эле алганы «видео капканга» дапдаана түшкөн. Жакаңды кармайсың. Алдын ала маалыматтарга караганда Насирбек Алмаматов күнүнө 100 000 (жүз миң) сомду сол чөнтөккө солоп турган. Абадан акча жасаган эргул эми эртең эле чыгып кетпейби?!
Айтмакчы, 19 жаштагы Камиланын өлүмү боюнча да билгени бар экен, сүйлөп берип жатса керек…
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ