Menu

Асманга учкан Бекболотту жерге тартып койгула

Бөлүшүү:

«Айрымдарга кудай бийлик берип сынайт» деген кеп бар. Ошол бийликте эл үчүн башын сая иштесе чыныгы эр аталат. Ал эми тескериси болуп калса, көпкө узабай оңкосунан түшүшү ыктымал. Андай кенебес, жатып ичээрлердин катарын Майлуу-Суу шаарынын төрагасы Барбиев Бекболот Караевич толуктайт. Жергиликтүү тургундардын нааразычылыгы учурда күч, шаарды өзү билгени аз келгенсип, мамлекеттин да акчасын жегенин эл көзүнөн кантип жашырат. Тагыраагы кызматтык унаасы мэриянын астынан жылбай, качан карасаң ошол жерде. Кызыгы унаасын бир күн да бош койбой аймак кыдырып иш жүргүзгөнсүп, тиякка чаптым, биякка чаптым деп майга делген очойгон акчаны сол чонтокко уруп, бузула элек машинеси далай ирет ошол эле сценарий менен оңдоп түзөөдөн өткөн. Ал акча да Бекболот мырзанын капчыгына түшкөн. Тиешелүү тармактагылар «Байке, азыр баарына жооп бере турган заман. Эмне мынча жалган документтерди жасап жатабыз» десе аларды кагып силкип, жаман адатын койбой келет. Жергиликтүү депутаттарды да теңине албаган неменин көзүн ачып коёр бирөө барбы? Же мамлекет буга окшогон «капчыгын толтургучтарды» багып жүрө береби? Кыңыр иш кырк жылда эмес кырк мүнөттө ачылып кала турган заман азыр.

Булак: Де-Факто 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: