Menu

Донорлор Миң-Куш менен Майлуу-Сууга каражат бөлмөй болушту

Бөлүшүү:

Европа Биримдиги Фергана өрөөнүндөгү уран калдыктары көмүлгөн жайларды реабилитациялоо долбооруна 10 миллион евро бөлмөй болду. Бул тууралуу 9-ноябрда уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанга бөлүнүп бериле турган бул каражат уран калдыктары сакталып жаткан жети аймакта экологиялык кырсыктарды алдын алууга, зыянды азайтууга жумшалат.

Буга чейин Европа Биримдиги 16 миллион евро берген болчу. Адистердин айтымында, аймакта элге жана айлана чөйрөгө коркунучтуу уу заттардын көлөмү 1 миллиард тоннадан ашат.

10 миллион евро боюнча чечим кабыл алынган эл аралык донордук конференция Кыргызстандын демилгеси боюнча Лондондо Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкына тиешелүү аянтчада өттү.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: