Menu

Фото – Ак-Талаада Орозбек кызы Рапика атындагы 3 кабаттуу заманбап мектеп ачылды

Бөлүшүү:

КР ЖК төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар тобу 6-ноябрда  Ак-Талаа районуна караштуу Кайыӊды-Булак айылында Орозбек кызы Рапика атындагы 3 кабаттуу заманбап мектептин ачылыш салатанатына катышышты.

Белгилей кетсек, совет маалында аталган үч кабаттуу имарат мамлекетке таандык болсо, кийинчерээк жеке менчикке берилген. Ага ылайык, азыркыга чейин имаратка ээлик кылып келген Жогорку Кеӊештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев эми кайрадан аны оңдоп-түздөп, мамлекеттин карамагына 700 орундуу мектеп катары өткөрүп берүүнү чечкен.

Буга ыраазы болгон Ак-Талаалыктар бул мектепке депутаттын апасы Орозбек кызы Рапиканын атын берүүнү чечишкен.

Орозобек кызы  Рапика 1928-жылдын 24-октябрында Ак-Талаа  районундагы Угут айылында жарыкка келген.

Балалык чагы Советер Союзундагы колхоздоштуруу маалына, андан кийин 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун мезгилине туура келип, көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөргөн.

Өспүрүм кезинен баштап айыл-чарба жумуштарына аралашып, бардык күч-аракетин өз мекенинин өнүгүшүнө жумшаган, ошону менен катар 13 уул-кыздарын төрөп, анын тогузун тарбиялап өстүргөн жана алардын жогорку билим алуусуна шарт түзүп берген .

Согуш маалында жана кийинки жылдарда колхоздун бардык иштерине жигердүү катышкан, өзгөчө жазында айдоо аянттарын сугарууга, малдарды төлдөтүүгө катышса, жайкысын чөп чабыкта, ал эми күзүндө оруп-жыйууда талыкпай эмгектенип келген.

Орозобек кызы Рапиканын көп бала төрөп, аларды чоңойтуу менен колхоздун баардык жумуштарындагы ак-ниет эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып Кыргыз ССРинин  1, 2, 3-баскычтарындагы  «Эне Даңкы» медалдары менен сыйланган  .

Ал, 55 жашында ардактуу эс алууга чыгып, Кыргыз Республикасы Эгемендүүлүгүн алгандан кийин ар-кылдуу ишкердик менен алектенип, көптөгөн муктаж адамдарга жакындан жардам берип келген жана 2017-жылы
89 жашында жарык дүйнө  менен кош айтышкан.

Азыркы мезгилде Орозобек кызы Рапиканын таасын тарбиясын ыйык тутуу менен анын көп-кырдуу ишмердигин уул-кыздары жана небере-чөбөрөлөрү татыктуу улантып келишет.

Кошумчалай кетсек, Төрага Дастанбек Жумабековдун Нарын облусундагы иш-сапарын Жогорку Кеӊештин депутаттары Камчыбек Жолдошбаев, Алтынбек Жунус уулу, Алмазбек Баатырбеков, Жыргалбек Турускулов, Автандил Кулбараков жана Абдыбек Дүйшалиевдер коштоп жүрүштү.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: