Бишкекте «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери шаардын көчөлөрүн кардан тазалап жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, «Тазалык» кызматы жолдорго 573 тонна кум жана 49 тонна техникалык туз септи. Учурда бул максатта 43 атайын техника иштеп, 740 жумушчу кар күрөп, жолдорду шыпырып жатат.
Борбор калаанын мэриясы «талапка жараша ар бир чарба субъекти өзүнүн аймагына караштуу жерлерди кардан жана муздан тазалашы керектигин» эске салат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ