Menu

Евро Биримдиги Борбор Азиядагы уран калдыктары менен күрөшүүгө 10 миллион евро бөлүп берет

Бөлүшүү:

Кечээ, 9-ноябрда Улуу Британиянын борбору Лондон шаарында Борбор Азиядагы радиоактивдуу заттардын сактоочу жерлерин реабилитациялоо боюнча донордук конференция болуп өттү. Бул тууралуу Евро Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Жыйында Евро Биримдиги Кыргызстандагы, Өзбекстандагы жана Тажикстандагы радиоактивдүү таштандылар менен күрөшүүгө 10 миллион евро бөлүп бере тургандыгын жарыяланган. Аталган сумма буга чейин ушул эле максатта бөлүнгөн 16 миллион еврону толуктайт.

Евро Биримдиги Борбордук Азиядагы уран калдыктарын реабилитациялоо программасын ишке ашырууда алдыңкы ролду аткарат. Аталган үч өлкөдө алдына ала изилдөөлөр 10 жылдан ашуун убакыттан бери жүргүзүлүп келет, алардын ичинде техника-экономикалык негизин даярдоо жана жүргүзүлө турган иштердин айлана чөйрөгө тийгизүүчү зыяндын деңгээлин эсептөө.  Аталган региондордун жетекчилиги, Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиги жана БУУнун өнүктүрүү программасы менен биргеликте жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ЕБ 14 миллион евро бөлүп берген.

Маалымат кызматы билдиргендей, программанын кийинки кадамы болуп реабилитациялоо жумуштарын баштоо болуп саналат.

Программанын алкагында уч өлкөдөгү жети объект тандалган, ал жерлер Фергана өрөөнүн кирдетүүнү токтотуу үчүн  биринчилерден болуп жардамга муктаж.

Лондондо өткөн эл аралык донордук конференция Кыргызстандын өкмөтүнүн демилгеси менен Европанын өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын колдоосу менен уюштурулган. Аталган банк региондордогу уран калдыктарын жоюуга чогулган каражаттарды башкарат. Конференция БУУнун эл аралык коомчулукту уран калдыктары менен күрөштү колдоого чакырган 68/128-резолюциясына жараша өткөн.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: