Menu

Өлкө аймагында 13-14-ноябрь күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Бөлүшүү:

13-ноябрдан 14-ноябрга чейин туруксуз аба-ырайы сакталып турат. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

13-ноябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында жаан-чачын катуу жаап, зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 12-13-ноябрда Ысык-Көл жана Нарын облустарында секундасына 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлүп, унаа жолдор тайгак жана тоңголок болот.

13-14-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз -0…-5° сууктун тегерегинде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4…-9°, күндүз 0…-5° суук, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып, үзүлүү коркунучу сакталат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын тоолуу унаа жолдору аркылуу сапарга чыгып жаткан айдоочуларга төмөнкү эрежелерди так сактоону эскертет:

– ӨКМден берилген шашылыш билдирүүгө, аба-ырайы тууралуу маалыматка өзгөчө көңүл буруу;

тоолуу унаа жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл;

кышкы дөңгөлөктөр;

күрөкчө, чынжырча, аптечка болуусу зарыл.

Өзгөчө кырдаалдарда “112” кызматына чалыңыз, чалуу акысыз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: