Menu

Сот Конгресске Трамптын каржы документтерин текшерүүгө уруксат берди

Бөлүшүү:

Колумбия федералдык округунун судьясы Mazars USA компаниясын Өкүлчүлүктөр палатасынын Көзөмөл комитетине Дональд Трамп президент болгонго чейинки акыркы алты жылдагы каржылык баяндамаларын берүүгө милдеттендирди.

Буга чейин Конгресстеги демократтар Трамптан 2013-2018-жылдар аралыгындагы салык өлчөмдөрүн ачыкка чыгарууну талап кылышкан.

22-апрелде Трамп жана анын компаниясы Өкүлчүлүктөр палатасынын Көзөмөл комитетинин төрагасы Элайжа Каммингстин талабы мыйзамсыз экенин билдирип, сотко кайрылган.

Судья өз чечиминде Конгресс президентке карата кызыкчылыктар кагылышы жана этикалык маселелер боюнча иликтөө жүргүзө аларын билдирген.

Трамп Пенсильваниядагы митингге баратып: “Биз бул чечимге макул эмеспиз, бул алаңгазардык”,– деп билдирди. Ал чечим кабыл алган судья мудагы президент Барак Обама тарабынан дайындалганын белгиледи.

Буга чейин Трамптын мурунку адвокаты Майкл Коэн президент америкалык Buffalo Bills футбол командасын сатып алуу жана кыймылсыз мүлккө болгон салык төлөмдөрүн азайтуу үчүн байлыгынын өлчөмүн бурмалаганын билдирген. Buffalo Bills менен келишим түзүлгөн эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: