Дүйнө жүзүнө белгилүү болгон актер Жеки Чан коронавируска шектелип, карантинге алынды. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.
Алардын айтымында, актер Гон-Конгдогу кечелердин бирине катышкан. Анда полициянын 48 жаштагы кызматкери да болуп, кийинчерээк андан коронавирус илдети табылган. Мындан кийин 65 жаштагы актер дагы карантинге алынган.
Белгилей кетсек, буга чейин Жеки Чан коронавируска каршы вакцина тапса, ага миллион юань (140 миң доллардан ашык) бере турганын убадалаган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ