Өкмөт үстүбүздөгү жылдын жаз айларында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жана Баткен облусунун Кадамжай районунда жүргөн селдин натыйжасында жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жайкы эс алуу уюштурат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ар жыл сайын балдардын жайкы эс алуусун уюштурууга бюджеттен бөлүнүүчү каражаттын эсебинен Кадамжай жана Сузак райондорунан 65 өспүрүм жайкы эс алуу учурунда Кыргызстандын балдар лагерлеринде эс алышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ