Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Бишкек шаардык кеңешинин ЖКХ, ТЭК, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча комитет жыйынында Бишкек ЖЭБинин директор орун басары билдирди.
Анын айтымында, каралган 250 млн сомдун 237 млн сому пайдаланылган. Ремонт иштери аяктап калыптыр.
“Биз азыр антикризистик планды жүзөгө ашырып жатабыз. Өзүңөр билесиңер, имараттарыбыз мышык ыйлачудай абалда эле, турбина цехи жасалды, имараттарды жылууладык, азыр от жагуучу цехте бир аз иштер калды”, – деди ал.
Ошондой эле 1 млн 140 миң тонна таш көмүр сатып алуу каралганын, азыр 680 тоннага келишим түзүлгөнүн, ЖЭБ кышка даяр болгонун кошумчалады.
“ЖЭБге кеткен көмүр иштеп жаткан жабдыктардын курамына байланыштуу. Бизде жабдыктардын жарымы өзүбүздө чыккан көмүрдө, жарымы шабыркүл көмүрүндө иштейт”, – деди ал.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ