Жалал-Абад облусунда мышыкты атып өлтүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Мындан 1 ай мурда, 5-октябрь күнү саат 12-00 чамасында, Жалал-Абад шаарынын Миң-Өрүк көчөсүнүн тургуну 1983-жылы туулган Кубатбеков Ильяз үйүнүн алдындагы короосунда, өзүнүн 1 жылдык мышыгын мойнуна тросстон жасалган сыйыртмак салып байлап алып, жаныбарларга өзгөчө ырайымсыздык мамиле жасап, тир мылтыгы менен эки жолу атып өлтүргөн.
Аталган окуя “Вечерний Бишкек” интернет сайтына жарыяланып, Ильяз Кубатбековдун жаныбарларга ырайымсыз мамилеси тууралуу коомчулуктун чоң талкуусуна алынган соң Жалал-Абад ОИИБнын кылмыштарды каттоо китепчесине “Жаныбарларга ырайымсыз мамиле жасоо” фактысы менен катталып, тергөө иштери жүргүзүлө баштады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ