Бүгүн, 17-апрелде “Манас” эл аралык аэропортунда Түркиянын Стамбул шаарынан келген чартердик рейсти тосуп алышты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Алардын айтымы боюнча, бардыгынын коопсуздугу үчүн жүргүнчүлөр аба майдандын имаратынын ичине кирбестен, перронунда тейленип, обсервацияга жөнөтүлдү.
Белгилей кетсек, буга чейин республикалык штаб Түркиядан Бишкекке 212 жаран учуп келе турганын билдирген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ