Menu

Коррупция -коомдун илдети

Бөлүшүү:

(Башы өткөн санда)

Адамзаттын тарыхында кор-рупция, коррупциялык мами-лелер, аң-сезим кылымдан кы-лымга өтүп, такыр эле өзгөрбөй келе жаткан нерсе. Тарыхты изилдегендер көп нерселерди, көп мыйзамченемдерди эске алышат, жалгыз гана корруп-циянын таасири көп иликтен-бейт, иликтенсе да анча маани берилбейт. Ал коомдук-саясий турмуштун бир көрүнүшү ката-ры гана көрсөтүлөт. Бирок, оку-яларды салыштырганда төрт миң жылдан бери адамдык табият өзгөргөн жок – кайсыл элди, мамлекетти, системаны албасаң да, алардын бардыгын бириктирген, окшош кылган нерсе – коррупция. Азыркы учурду алабызбы, байыркы за-манга көз жүгүртөбүзбү – эч кандай деле айырма жок. Су-лаймандын Накыл сөздөрүндө: “…кээ бир адам ойлойт, жаңы бир нерсе ойлоп таптым, же жаңы нерсе болуп жатат деп, бирок бул жаңы нерсени миң жыл мурда эле ойлоп таап коюшкан!”-деп айтылат.

Ошондуктан азыр деле эч жаңы нерсени ачууга мүмкүн эмес жана мурдагыны карап, учурдагыны таанып койсо бсшот. Мисалга, мындан эки миңден ашуун жыл мурда эле коррупци-янын эч нерседен коркпогонду-гунун рецепти аныкталып кой-гон эле. “Паракорлор өзүнө эле жетиштүү байлык-каражатты уурдап алышса – анда коркуп, титиреп турушу керек. Бирок уурдап алганы башкалар менен бөлүшкөнгө жетиштүү бсшсо -аларга эч нерседен коркуп деле кереги жок” – деп атактуу Марк Туллий Цицерон айткан. Мам-лекеттик ишмер, оратор, жазуу-чу-публицист Цицерон көп нер-сеге өзүнүн интеллекти, билими, чечендик таланты менен же-тишкен. Жогорудагы сөздөрдү айтканынын жөнү Веррес ат-туу ири чиновниктин ишине тийиштүү.

Бул б.з.ч. I- кылымдын 80-жылдарына таандык иш жана Веррес Сицилия провин-циясынын башкаруучусу бо-луп турган кезде жергиликтүү калкты эзүү, колунда барларды пара берүүгө мажбур кылуу жана башка кыянат иштери ме-нен абдан көп байлык топтогон. Байлыгына жана жогоруда тур-ган күчтүү колдоочусуна ише-нип, эч нерседен корккон эмес. Цицерон териштирүү жүргүзүп жаткан кезинде : «…өзүнө эле жеткендей кылып тоногон адам коркушу керек, мен болсо бир топ адамга жеткидей кылып топтодум…” Веррес бир далай жолу өзүнүн артында абдан күчтүү адам турганын жана ага таянып провинцияны тоного-нун айтып, акчаны өзүнө гана эмес чогултканын билдирген. Биринчи жылдын акчасын өзүнүн пайдасына ‘ алса ыра-азы болорун; экинчи жылды-кын колдоочу жана коргоочу-ларына берерин; эң көп жана жемиштүү болуучу үчүнчү жыл-дын акчасын бсшсо ал сотторго сактап коёрун айткан” – деп билдирген.

Бул иштин үстүнөн коом-чулук кунт коюп байкап турду жана Цицерондун ораторлук чеберчилиги, келтирген далил-дери жетиштүү болуп, Веррес күнөлүү деп табылды. Акыры айласы кеткенде ал коргоочудан да баш тартып, Римден провин-циядагы шаарМ кетип калат. Ал жерде “куугунтуктагы миллио-нер” катары жашап жатып, б.з.ч. 43-жылы консулМаркАнтоний-дин проскрипциялык (мамле-кеттин душмандары деп аталган адамдар) тизмесине түшүп ка-лат. Качан келип камакка алы-шат деп күтүп отурбай, өзүнүн жанын өзү кыят.

Цицерон бсшсо коррупция менен күрөш аркылуу атактуу адам бсшуп, мамлекеттин тур-мушунда абдан таасири чоң адам бсшуп калат. 63-жылы консул бсшуп шайланып, Сенат-тын лидерлеринин бири бсшот. 51-50-жылдары Киликия про-винциясынын “губернатору” болуп иштеп, кызыктуу окуяга кабылат. Цицерондун досу бсш-гон Марк Бруттан Скапций аттуу адам келип, андан Саламин шаа-рынын тургундарынан карызын алып берүүнү талап кылат. Бир нече жыл мурда шаардыктар бул акчаны Скапцийден 48%дык жылдык үстөгү менен алышкан. Доочу 200 талант алтын талап кылса, шаардыктар карыздын көлөмү 106 талантты түзөт деп билдиришкен. Ал кезде римдик талант божомол менен 26 кило-граммды түзчү.

Цицерон марттыгынан “претор салыгын” – Киликия провинция-сынын жаңы башкаруучусуна калк тарабынан төлөп берилүүчү салык-ты кыйла кыскартып салганынан улам, саламиндиктерде карызын төлөп берүүгө каражат топтоого мүмкүн болду. Шаардыктар айтыл-ган акчаны төлөп берип койсо иш ошону менен бүтүп калмак. Бирок, Цицерон буга макул боло алган жок. Анткени , биринчиден, Скап-ций сырын ачкандан кийин, карыз акчанын чыныгы ээси Цицерондун досу Марк Брут болуп чыкты, экин-чиден, Брут мурдагы консул, Ки-ликиянын мурдагы башкаруучусу учурдагы цензор (Римдик мам-лекеттик башкаруудагы маанилүү кызмат) Аппий Клавдийдин күйөө баласы болчу жана кайнатасы чоң болуп турган кезде сүткорлугу менен жергиликтүү элди эзген. Карызга берип жаткан акчасына ал мыйзам уруксат берген чектен үч-төрт эсе жОгору үстөк коюп, убактысы келген күчкө салып алып алчу.

Үчүнчүдөн, Марк Бруттун эне-си Сервилия Цицерондун кызы-нын никесин уюштуруп берүүнү убада кылган. Кызынын бактысы үчүн Цицерон көп нерсеге барууга даяр экени жана бул иштин аягына чыгышын абдан каалап турганы жөнүндө айтылат. Мындай шарт-та анда кандай арга бар болмок? Андан улам, коррупцияга каршы күрөшүп келген мамлекеттик кызматчы бул жагдайлардын кысымы-нан улам адилеттүү чечим чыгара алган жок. Бирок акыры “заманың бөрү болсо – бөрү бол, түлкү бсшсо – түлкү бол!” – деп өзүн жооткотуп койсо керек.

18-кылымда атактуу француз ойчулу Шарль Монтескье “Римдин бийиктикке чыкканы жана кула-ганы тууралуу ой жүгүртүү” деген эмгегин жарыялайт. Монтескье-нин башкы бүтүмү боюнча, “…кай жерде жарандар эркин жана көз карандысыз, кайсы жерде элдин бардыгы мамлекетти башкарууга катышат – ошол жерде гана коом-чулуктун ийгиликтүү өнүгүшүнө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт!” Баш-кача шарттарда мамлекет ички жана тышкы душмандардан жеңилип, өзүнүн улуулугунан кол жууйт. Дагы бир сөзү боюнча, “… байыркы республикалардын баш-каруучулары жерди жарандарга тең бөлүштүрүшкөн жана элдин күчтүү болушуна ушул жагдай эле жетиштүү болгон, башкача айт-канда, кутчулукта жашаган коом-чулукту түзгөн; буга жараша бул эл мыкты аскердик күчтөргө ээ бол-гон, анткени ар бири өз мекенинин коопсуздугуна кызыктар эле”.

Жалпысынан Байыркы Римде учурда демократиянын жетишкен-диктери деген нерселер кадимки эле иш болчу. Бийликтин үч бу-такка бөлүшүшү, бул бутактардын бири-биринен көз карандысыз-дыгы, соттун мыйзамдан башка эч нерсеге баш ийбеши, жарандардын мыйзам алдында бирдей жоопкерлиги жана алардын укуктарынын корголушу – мунун бардыгынын тамыры Байыркы Римге кетет. Британ тарыхчысы Норман Дэвис “Байыркы Рим” китебинде: “Рим-дин мыйзамы” бул элдин дүйнөлүк тарыхка эң маанилүү салымы” деп бааланат…Римдиктер мыйзамдын бийлиги өкмөттүн ишенимдүүсүн, соода-сатык иштериндеги ийги-ликти жана коомдогу тартипти камсыз кыла алганын билишчү”, – деп айтып өтөт.

Негизинен айтканда, Римди Рим кьиган “Он эки таблицалар”  мыйзамдары десе болот. Бул документ болжол менен б.з.ч.450-51 жж. иштелип чыгып, коомдук-са-ясий, социалдык-экономикалык турмушту теске салып келген. Маанилүү жагдайы – бул мый-замдардын жөн эле жазылганы эмей, так аткарылып келгени. Бул мыйзамдар абдан терең жана акылмандык менен жазылганын Цицерондун “Мыйзамдар туура-луу” эмгегинен далил тапса болот. Анда “XII таб-лица” мыйзамдары коррупцияга бөгөт коюлуп жана жарандардын жекече эркиндигин коргоого чара көрүлгөнү тууралуу сөз болууда. “Даражалуу мыйзам-дар эки токтомду камтып, алар-дын бири мыйзам жекече адам-дын кызыкчылыгы үчүн эч кандай өзгөртүлбөш керектигин, экинчи-си – Римдин жаранына өлүм жаза-сы тууралуу чечим центуриаттык комицияларда (жалпы жарандык жыйында) гана чыгарылышы ке-рек.

Мыйзамдын, коомдук тартип, эрежелердин так аткарылышы ба-шында аянты элүү чарчы километ-рге жетпеген шаарчаны Дүйнөлүк империянын даражасына жет-кирди. Республика бсшуп, Римдин улуулугу жалпы элдик иш болуп турган кезде мамлекет гүлдөп, Бай-ыркы дүйнөдө ага тең-тайлашкан бир дагы өлкө жок болчу. Кийин гана Рим өзүнө эбегейсиз байлык-ты топтогондо айрым жарандарга бийликти басып алууга, сатып алу-уга шарт түзүлңДаштады. Монте-скье өз эмгёгинде: мамлекеттин чеги Италиянын аймагынан чыга элек учурда армия өлкөнун жаран-дарынан түзүлүп, алардый ар бири мекени, жери үчүн жоопкерчилик сезип, абдан берилген адамдар бо-лушчу. Кийин Рим империя боло баштаган кезде, армия ар кош-кондордон түзүлүп, чет өлкөлөргө чыгып кёткен кезинде жоокер-лер мекенине эмес, өзүнүн кол башчы генералынын жактоочусу боло баштады. Анткени анын аң-сезиминде ага акча төлөп, тиричи-лик кылдырган адам ошсш генерал болду”, – деп белгилейт.

Мындан улам, б.з.ч. 1-кылымдын башында Римдин демократиялык салттарынын акыркы учуру келет. Ашынып байып кеткен элита өз ара бийлик талашып, жарандык согуштардын мезгили башталды. Ошол эле кылымдын 80-жылда-рында Сулланын диктатурасы ор-ноп, Республиканын пайдубалын-да чоц жарака кетти. Акыры түбүно жеткен киши бсшсо тарыхка аты калган, жалпы тарабынан чыга-ан кол башчы жана мамлекеттик ишмер деп таанылган Гай Юлий Цезарь жетти. Коомдук турмушта мыйзамдар иштебей, бардыгын акча чече баштаган кезде мамле-кетте башаламандык болуп, жеке инсандын мааниси жогорулайт. Мындан улам, Цезардын дымагы көкөлөгөн кезде Римде олигархия менен Сенаттын ортосундагы ка-рама-каршылыктар күчөп, акыры үч адам – Цезарь, Гней Помпей жана Марк Красс бийликти басып алышат.

Бул үчилтик жакынкы ара-да таркайт – б.з.ч 54-жылы Гней Помпейдин аяльц Юлий Цезардын кызы төрөт учурунда жан берип, экөөнүн ортосундагы биримдик бузулат; кийинки жылы Марк Красс согушта каза болот. Ошон-до Римдик консулуна (азыркы тил менен айтканда президентине) та-лапкер Помпей менен Цезарь гана болуп, алар менен атаандашчу бир да саясатчы калбайт. Помпейди Се-нат.колдоп, сенаторлор анын кон-сул болушун каалашат. Андан улам, шайлоо учурунда күчтүн, акча каражаттын бардыгы Помпейдин жеңишине жумшалат. Шайлоочу-лардын добуштарын сатып алууга кеткен акчанын суммасы милли-ондогон сестерций менен эсепте-лет. Кээ бир эсептөөлөр боюнча азыркы бааларга салыштырганда Цезардын учурундагы бир сестер-ций азыркы эки долларга барабар.

Нурлан Жоодатов

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: