Италиялык журналист Танкреди Палмэри өзүнүн чогулткан маалыматтарына таянып, Твиттер баракчасында дүйнөнүн эң көп маяна алган 10 футболчуларынын тизмесин жарыялаган. Бул тууралуу Sports.ru сайты билдирген.
Ага караганда, эң көп маяна испаниялык “Барселонанын” чабуулчусу Лионель Мессиге таандык – ал жылына 40 миллион евро каражат табат. Экинчи орунда италиялык “Ювентустун” форварды Криштиану Роналду турат. Ал жылына 31 миллион евро алат. Үчүнчү орунда франциялык “Пари Сен-Жармен” клубунун оюнчусу Неймар турат. Анын маянасы жылына 30 миллион еврону түзөт.
Тизмеде ошондой эле япониялык “Виссел Кобе” клубунун оюнчусу Андрес Иньеста (25 миллион евро), кытайлык “Шанхай Теллэйс” командасынын оюнчусу Оскар (24 миллион евро), “Манчестер Юнайтеддин” чабуулчусу Алексис Санчес (22,5 миллион евро), мадриддик “Атлетиконун” форварды Антуан Гризман (20 миллион евро) бар.
Тизмени кытайлык “Шанхай СИПГ” клубунун чабуулчусу Халк (20 миллион евро), кытайлык “Хэйбэй Чайна Форчун” командасынын жарым коргоочусу Хавьер Москерано жана катарлык “Аль-Садд” клубунун хавбеги Габи (19 миллион евродон) жыйынтыкташат.
Кыргызчалаган:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ