Menu

Видео – Депутат Алтынбек Сулайманов экс-премьер Темир Сариевди коррупцияга, шалаакылыкка, чыккынчылыкка айыптап, Эсеп палатасынан, Финполдон жана Генпрокуратурадан Сариевдин ишмердигин иликтөөнү талап кылды

Бөлүшүү:

“Мухаммедкалый Дүйшөкеевич, мына, быйыл жайында автоунааларды бажыдан өткөрүү боюнча төлөмдөргө жеңилдиктерди киргиздиңер, биз 2015-жылы Бажы союзуна кирип жатканда Кыргызстанга 2015- 2020-жылдарга жеңилдик беришкен экен. Анда эмне үчүн биз ал жеңилдиктерди 2015-жылдан тартып пайдаланбай, быйыл гана 2018-жылдан тартып пайдаланып баштадык? Эмнеге мындай болуп калган? Кайсы өкмөттүн тушунда мындай болду? Эмне үчүн 2015-жылы автоунаалардын бажы төлөмдөрү боюнча жогорулатылган төлөмдөр кабыл алынып, эми гана жеңилдиктерге кайтып келдиңер?”, – деп сурады кечээ, 13-ноябрда КР Жогорку Кеңешинин жыйынында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевден “Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов.

“2014-жылы болуптур, ошол жылы биздин өкмөт сырттан алып келинген автоунааларга бажы төлөмдөрүн көбөйткөн экен. Бирок биз баа көтөрүлгөндөн кийин карап көрсөк, былтыр 2017-жылы 61 эле жеңил машина келиптир. Машина киргенден биздин бюджетке мурдагыдай бажы төлөмдөрү түшпөй калган. Анан быйыл биз ошол Бажы союзу берген жеңилдиктерди пайдаланып, июль айында автоунааларга бажы төлөмдөрүн азайттык эле 4 эле айдын ичинде 170 миллон сом төлөмдөр кирди, бул биринчиден. Экинчиден кыргыз жарандары кайрадан жаңы машиналарды ала башташты, автопарктар жаңыланды. Башкаларга караганда мындай, эски эмес, жаңы машиналарды минип калышты да”, – деп жооп берди премьер Абылгазиев.

“Жарым жылга жетпей 150 млн сом жыйналды, туурабы? 2014-жылы кайсы премьер-министрдин тушунда ушул жогорулатылган төлөмдөр кабыл алынды эле? – деп такыды Алтынбек Сулайманов.

“Темир Аргенбаевичтин тушунда”, – деп жооп берди премьер Абылгазиев.

“Темир Сариевдин тушунда, туурабы? Ал киши же билген эмес, же билип туруп атайын жасаган. Бул деген чыккынчылык болот! Билбей жасаган, билбеген киши андай кызматка олтурбаш керек. Мамлекетке канча зыян келтирип жатат? Мына зыян, элге зыян, бюджетке зыян! Иликтеш керек муну! Эсеп палатасы, Финполиция, Генпрокуратура иликтегиле! Эмне үчүн биздин бажы союзунда жеңилдиктерибиз бар кезинде, 4 жылдан бери пайдаланбай, биздин өлкөгө канчалаган ущерб болду? Мына, ущерб силерге! Мына, коррупция! Иликтегиле ушуну! Болбогон кичине иштер менен алек болбой, мына ушундай масштабы чоң иштерди, шалаакылык, чыккынчылыкты иликтегиле!”- деп талап кылды депутат Алтынбек Сулайманов.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 11 = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: