Menu

Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча тергөө ноябрдын аягына чейин жыйынтыкталат

Бөлүшүү:

Бишкектин ЖЭБиндеги эки чоң авария боюнча тергөө иштерин ноябрь айынын аягына чейин жыйынтыктоо пландалууда. Бул тууралуу  парламенттин Коопсуздук, коргонуу жана коррупция менен күрөшүү комитетитинин отурумунда УКМКнын жетекчисинин орун басары Сагынбек Самидини уулу билдирген.

Анын айтымында, тергөө ЖЭБди модернизациялоого корогон так сумманы аныктоочу экспертизанын даяр болбогонунан улам созулууда.

Ошондой эле ал ЖЭБдеги авариядан түшкөн зыян 89 миллион 699 миң сомго бааланганын, анын ичинде авариянын кесепеттерин жоюуга 12 миллион сом жана жылуулукка болгон төлөмдү төлөй албагандыгы үчүн “Бишкектеплосети” ишканасынын жоготуулары 77,6 милилон сом өлчөмдөгү сумманы түзгөнүн белгилеген.

Мындан сырткары, Сагынбек Самидин уулу белгилегендей, аталган суммага жылуулук колдонуучуларга жылуулукка төлөгөн төлөмүн кайрып берүү үчүн жана энергетиктерге жумушу үчүн 3,2 миллион сомдон ашуун каражат кошуларын, ал эми “Электрстанциялар” ишканасы  жүргүзгөн авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерине 8 миллион сарпталганын кошумчалаган.

Эске салсак, былтыр январь айында кыштын чилдесинде абанын температурасы -35 градуста ЖЭБде авария болуп, шаар тургундары жылуулуксуз калган. Бул иш боюнча Башкы прокуратура “малекеттик каражаттарды уурдоо” жана “коорупция” беренелери боюнча кылмыш иштерин козгоп, анын натыйжасында экс-премьер министрлер Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиевдер, алар менен бирге бир катар атка минерлер камакка алынган. Модернизациялоону кытайлык “ТВЕА” компаниясы жүргүзгөн.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: