Ош шаарында 20 жаштагы жигит досунун унаасын айдап чыгып сүйлөшкөн кызы экөө жол кырсыгына кабылды. Кыз-жигит оор жаракаттардан улам каза болуп калышты. Бул маалыматты Ош облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктаган. Анда 1998-жылы туулган Ала-Бука районунун тургуну «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын рулун башкара албай калып, жол кырсыгына кабылган. Анын кесепетинен оор жаракаттардан улам 18 жаштагы кыз ооруканага жетпей каза болгон. Айдоочу бала да өзүнө келбей жатып, ооруканадан каза болуп калган.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ