Бүгүн, 16-ноябрда текстилдик тигүү өнөр жайындагы маселелер боюнча биринчи жолу жогорку деңгээлдеги форум өтөт. Бул тууралуу форумдун уюштуруучулар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш-чарада иштөө шарттарын жакшыртуу, кадрлардын чет өлкөлөргө кетүүсүн азайтуу жолдору жана бул тармакта иштей турган кызматкерлерди даярдоо секторунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу маселелери каралат. Форумга жалпы тигүү өнөр жайында эмгектенген ишмерлер, инвестиция жана соода институтунун өкүлдөрү менен эксперттер катышат.
Кыргызстанда тигилген буюмдарга Орусия жана Казакстанда суроо-талап көп. Мындан тышкары тигүү өнөр жай тармагы жарандарга жумуш орундарын түзөт.
Ал эми берилген маалымат боюнча экспорттун эң чоң көлөмү 2012-жылы болгон. 2013-2015-жылдары бир катар глобалдык факторлордун таасиринен улам аталган өлкөлөрдө баалар арзандаган. 2015-жылы экспорттун көлөмү 2012-жылга салыштырмалуу 38,4 пайызга азайып кеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ