Menu

Өзбекстан менен Казакстан туризмди биргелешип өнүктүрүүгө макулдашууда

Бөлүшүү:

Казакстан менен Өзбекстан туристтерге чек араларын чогуу ачууну пландоодо. Бул тууралуу эки өлкөнүн аймак аралык кызматташуу форумунда белгилүү болду.

Долбоорду иш жүзүнө ашыруу үчүн туристтердин биргелешкен каттамын иштеп чыгуу, аба, темир жол жана автотранспорт байланышын өнүктүрүү керек болот. Адистер эгер сүйлөшүүлөр жакшы жыйынтык берсе, демилгени Кыргызстан менен Тажикстанда дагы кубаттайт деп эсептешет. Натыйжада Улуу Жибек жолу менен саякаттоону каалагандар Борбор Азиядагы төрт өлкөдө эркин жүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

KazakhTourism компаниясынын төрага орун басары Тимур Дуйсенгалиев бул каттам менен бир туристке кызмат көрсөтүү 50дөн 80 долларга чейин болорун белгиледи:

– Биздин максат ушул деңгээлге жеткирүү. Албетте, туристтер ар кандай, андыктан айрымдар үчүн бул 500 долларга чейин барышы мүмкүн. Бул эми алардын ышкыларынан жана капчыктарынан көз каранды. Бирок жалпысынан максат ушундай.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: