13-ноябрда кыргызстандык альпинисттер Кыргыз Республикасынын президенти С.Жээнбековдун каржылоосу менен Кавказ тоосуна аттанышкан. Кечээ, 17-ноябрда алар тоонун али аты жок чокусун багындырышып, ага улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарышып, чокуга Кыргызстандын мамлекеттик желеги менен Айтматов чокусунун көрнөк тактайчасы орнотушту. Бул тууралуу Кыргыз эл жазуучусу, коомдук ишмер Султан Раев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
“Урматтуу мекендештер! Чоң жаңылык: Кавказ тоосунун бийик чокуларынын бири – Чыңгыз Айтматов чокусу деп аталып, ал чокуга Кыргызстандын Мамлекеттик желеги, Айтматов пигинин табличкасы кече кыргыз альпинисттери тарабынан жеткирилип, бул Кавказ тоосунун чокусу Чынгыз Айтматов чокусу аталып калды. 13-ноябрда альпинисттерибизге ак жол каалап, сапарга узаттык эле, алар бул чокуну багынтты. Бул иш-чараны толугу менен КР Президенти С. Ш. Жээнбеков колдоп, каражатын чечип берди. Чыңгыз Айтматовдун атактуу Кавказ тоосундагы чокусу жана чокуда желбиреген Кыргыз желеги кут болсун! Бул улуу ишке катышкан инсандарга чоң рахмат! Бар болгула!” – деп жазган Султан Раев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ