Menu

Ислам Каримовдун музейин оңдогон курулушчуларга эмгек акысы бериле элек

Бөлүшүү:

Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун музейинде оңдоо иштерин жүргүзгөн курулуш компаниясы бийликтен акчасын ала албай келүүдө.

Компаниянын аты-жөнүн ачыкка чыгаргысы келбеген өкүлү бийлик он айдан бери музейде оңдоо иштерин жүргүзгөн курулушчулардын эмгек акысына жана курулуш материалдарын сатып алууга кеткен акчаны төлөп бербей жатканын билдирди.

Аталган музейдеги өз булактардын билдиришинче, компания музейдеги курулуш иштерине жалпысынан 4 миллиард сум (486 миң доллар) короткон.

– Бул сумманын негизги бөлүгү төлөнүп берилди. Калганы ноябрдын аягына чейин, же декабрга чейин берилет. Көбүнчө курулуш компаниялары оңдоо иштеринин сметасын түзбөстөн, же келишимсиз эле ишин баштап алышат. Ошондуктан ушундай түшүнбөстүктөр болууда, — деди ал.

Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, бийликтин курулуш компаниясына болгон карызы 156 миллион сумду (19 миң долларга жакын) түзөт. Мындан тышкары, Ислам Каримовдун эстелигин жасаган скульптор Ильхом Жаббаровго дагы эмгек акысы бериле электиги айтылууда.

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун «Оксарой» деп аталган резиденциясы анын өлүмүнөн кийин музейге айландырылган. Каримов 2016-жылы сентябрда 79 жашында инсульттан улам көз жумган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: