Кыргызстандын башкы прокуратурасы «Сентябрь» телеканалы боюнча маалымат таратып, анын өкүлдөрү коомчулукка туура эмес кабар таратууда деп билдирди.
Башкы көзөмөл органынын белгилешинче, учурда санарип форматта Бишкекте иштеп жаткан «Сентябрь» өз ишмердүүлүгүн мурда Жалал-Абаддан чыгуучу аналогдук «Сентябрдын» лицензиясынын негизинде жүргүзүп келатат. Буга башкы прокуратуранын айтымында, Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттен, Юстиция министрлигинен алынган расмий документтер далил деп белгилешти. Массалык маалымат каражаттарында ачык пикирин билдирген, оппозициялык маанайдагы каналга карата болгон мамиле албетте көпчүлүк элдин кабыргасын кайыштырды. Нааразылыктарды жаратты. Жумушсуз калган «Сентябрдын» жаштары «Сентябрь» жабылса дагы башка жактан жолугушчу жолдор бар деп жаалданышууда.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ