Бүгүн, 3-июлга КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде журналисттердин суроолоруна жооп берип, социалдык тармактарда медиктерге байланыштуу ар түрдүү видеолорго түшүндүрмө берди.
“Тез жардам” унаасы өчүп калып, коргонуучу костюм кийген дарыгерлер түртүп, от алдырган тасмасына түшүндүрмө берип жатып, Айнура Акматова көзүнө жаш алды.
“Медиктер күнү-түнү тынымсыз иштеп жатышат. Техника деген техника экен, бейтапка бара жатканда унаа өчүп калган учурлар да болушу мүмкүн. Дарыгерлер бейтапты сактап калуу үчүн бардык аракеттерин жумшап жатышат” – деп Айнура Акматова ыйлап жиберди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ