Бизде бийликтин үч бутагы бар: парламент, президент жана өкмөт. Бул тууралуу президенттикке талапкер Садыр Жапаров “Азия MIX” командасынын капитаны Элдияр Кененсаровдун “Ким экен” аттуу программасындагы маегинде билдирди.
“Сиз Конституциянын жаңы долбоорунда президенттик бийликти чыңдоо жагын айткансыз. Сиздин оюңузча бул туурабы же туура эмеспи? ” – деп сурады Кененсаров.
“Бүгүн бизде бийликтин үч бутагы бар: парламент, президент жана өкмөт. Биз кадрдык маселелерди бийликтин бир гана бутагы чече тургандай кылып түзүшүбүз керек. Бүгүнкү күндө бизде үч бийлик бутагы чечет”, – деп жооп берди Жапаров.
Эске салсак, Кыргызстанда мамлекеттик бийлик мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот тутумдарын бөлүү принцибинин негизинде жүзөгө ашырылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ