Башкы прокуратура “Mегаком” компаниясынын директорунун кеңешчиси Төрөхан Жунусбековдун Фейсбук баракчасындагы билдирүүсүн текшерди.
Анда Жунусбеков «Талас эли Садыр Жапаров менен…шайлоо 2021» деген билдирүү жазган. Айрым социалдык тармактардын колдонуучулары бул билдирүүнү «Мегаком» мамлекеттик ишканасынын башчысынын кеңешчиси президенттикке талапкер Садыр Жапаровду колдоп, үгүт иштерине аралашып, мыйзамда көрсөтүлгөн үгүт иштерине катышууга тыюу салынуучу нормаларды бузуп жатат деп талкууга алышкан.
Башкы прокуратура “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга ылайык, мамлекеттин 30% дан ашык үлүшү бар мамлекеттик ишканалардын кызматкерлери мамлекеттик же муниципалдык кызматкер эмес экендигин билдирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ