Menu

Батыш Казакстан облусунда жаңы карантиндик чектөөлөр киргизилди

Бөлүшүү:

Дем алыш күндөрү Батыш Казакстан облусунун калктуу конуштарында санитардык посттор орнотулду. Орол шаарына кирип-чыгуу чектелип, ишканалардын иш сааты кыскарды.

Аймактын башкы санитардын дарыгери кол койгон токтом 9-ноябрда күчүнө кирди.

Оролго кирип чыгууга элдин керектөөлөрүн камсыз кылуучу ишканаларга, транзиттик жүргүнчүлөргө, айыл чарба кызматкерлерине, вахта менен иштегендерге, дарылануу же маркумду жерге берүү зыйнаты үчүн жолго чыккандарга гана уруксат берилет. Алардын жанында медициналык маалымкат, паспорт болушу керек.

Мамлекеттик мекемелер жумушчулардын 80%, жеке компаниялар 50% аралыктан иштөөгө өткөрүүгө тапшырма алды. Спорттук, оюн-зоок иш-чараларын, көргөзмө, форумдарды өткөрүүгө тыюу салынды. Соода борборлору, кафе, бар, ресторан, базар, чиркөө жана мечиттердин ишине чектөө киргизилди, алар иш күндөрү гана ачык болот. Дем алыш күндөрү фитнес-борборлор, сулуулук салондору, чач тарачтар, бассейндер иштебейт.

Жекшембиде автобус каттамы да токтойт. Түнкүсүн жеке автоунаа менен жүрүүгө да болбойт.

Батыш Казакстан облусунда расмий статистика боюнча акыркы суткада 45 кишиден вирус аныкталды. Эпидемия башталгандан бери 7 274 киши коронавирусту жуктуруп алып, 121и мерт болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 79 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: