Кыргызстанда калкты сасык тумоого каршы эмдөө башталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымында, сатылып алынган вакцинанын биринчи партиясы (119 миңден ашуун) өлкөнүн бардык аймактарына жеткирилет. Ал эми эмдөө иштери график боюнча жүргүзүлөт.
Ал кечээ, 16-сентябрда Чүй облусунда жана Бишкек шаарында жарандарды эмдөө башталганын белгиледи.
Айнура Акматова эмдөөлөрдү үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунан алууга болорун, ыкчам эмдөө үчүн мобилдик топтор түзүлөрүн кошумчалады.
“Биринчи кезекте калктын аялуу катмары: өнөкөт оорулары бар адамдар, 65 жаштан ашкан адамдар, карылар үйүндөгү карылар, интернаттагы балдар ж.б. эмделет” – деп билдирди Акматова.
Сасык тумоого каршы вакциналардын экинчи партиясы Кыргызстанга 21-сентябрдан кийин, үчүнчү партиясы 27-октябрдан кийин келет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ