Menu

Алмазбек Атамбаев: “Мен кааласам, Дубайга, Измирге, жада калса Босфордун жээгине хан сарай салып алмакмын, бирок ата-бабаларымдын жеринде калууну чечкем”

Бөлүшүү:

Кэчээ, 19-ноябрда “Апрель” телеканалынын журналисттерине берген маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы хан сарайын кантип кургандыгы тууралуу төмөндөгүлөрдү айтты:

-“Бул үй кантип курулган?  Мага Албек Ибраимов келип, Кой-Ташта Аламүдүндүн жээгинде ден соолук чындоочу комплекс куруп баштаганын айтты. “Мен аны куруп бүтүрө албай жатам, каражат керек болуп жатат,  орду жакшы, сизге сатайын дегем” деди.

Мен ага өзүмдүн 6,5 гектар жерим бар экенин, мен ал жерге көптөн бери  үй  курууну пландап жатканымды билдирдим. Ал мага бул 2,7 гектардагы жерде илгери менин ата-бабаларым отурукташкандыгын  айтты. Ал жерде илгери менин бабаларым, чоң атамдар отургузган бак дарактар өсүп турганын билдирди.

Мен ошондо ал жерге ашыктым, анткени Кара-Кыянын боорунда менин ата-бабаларым жашаганын атамдан көп уккамын.

Биз бул жерге келгенде үйдүн кыштан курулган эки кабаты турган, ал эми үчүнчүсү курула элек эле. Мен Албек Ибраимовго бир кабаттуу үйлөрдү жактырганымды айттым, анткени, кыйла жашка келип, бир кабаттан экинчиге чыгуу оор болуп калган.  Бирок, үйдүн долбоору бекитилип калган экен.

Мен бул комплекс үчүн ал таарынбай турган бааны айттым, мага  чейин  жерди кимден алганына кызыктым, ал жерди жеке жактан алганын билдирген. Кийинчерээк ал менден кечирим сурады, анткени бул жерди Албек Ибраимов “Дастандан” сатып алганын мен билген эмесмин. Биз келишим түзгөнбүз. Аталган үйдүн полу капталган гранитти мен Ала-Тоо аянтынын курулушунан уурдап алганымды айтышат. Бирок, сиздер 7-кичи райондо курулуп жаткан мечиттин полун көрсөңөр, ал да ушундай гранит менен капталган. Мен жөнүндө мамлекеттик каражаттарды уурдап алган деп, өзүлөрү ошондой ишке барган  адамдар гана  айтышат. Чынын айтканда, мен кааласам Дубайга, Измирге, жада калса Босфордун жээгине вилла куруп алмакмын, бирок мен ата-бабамдын жеринде калууну чечтим.”

Кыргызчалаган:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: