Евразия өнүктүрүү банкы алдыда Кыргызстандын ички дүң өнүмү жогорулай турганын болжолдоодо. Аталган банктын айлык отчетунда белгиленгендей, үстүбүздөгү жылдын 9 айында ИДПнын көлөмү 1,2 пайызга өскөн.
Сентябрь айынан тарта өнөр жай тармагындагы өндүрүштүн көлөмү өсүп, жылдык көрсөткүчтө 32,5 пайызга жеткен.
Бирок, 2018-жылдын башынан тартып, металл өндүрүшү кыскарган. Анткен менен, акырындык менен экономиканын башка тармагында өсүү байкалууда. Ага тышкы соода байланышындагы шарттардын жакшырганы негиз болгон деп эсептешет банктын эксперттери.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ