Menu

“Катталарга” кабыргадан коюлган суроолор -Жаратылыш менен токой чарбасынын түбүнө жеткени калган Абдыкалык Рустамовго: Козголгон кылмыш иштин аягы эмне болду?

Бөлүшүү:

Өкмөттүн алдындагы Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин деректири Абдыкалык Рустамовдун кыңыр иштери боюнча маалыматтар көптөн бери ЖМК беттеринде жарыяланып, соцтармактарда байма-бай жазылып келе жатканы маалым. Көзгө сайып көргөзүп жатса дагы өзү «дың» дей элек. Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп тургандагы, 2017-жылдын 18-июлдагы жыйында «Лесхоздогу» системалуу коррупция боюнча катуу сөз болуп, акыркы 2,5 жылдын аралыгында айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинде 44 коррупциялык иш катталып, мамлекетке 150 миллион сом зыян келтирилгени аныкталганы айтылган. Фактыны укканда Өкмөт башчысы С.Жээнбеков агынан жарылып, Токой чарба агенттигине, айрыкча мергенчилик жаатында коомдун ишеними жоктугун айтып, бул ведомствонун ичиндеги коррупцияга каршы күрөштүн жетишсиздигинен болуп жатканын ачык билдирип, Рустамовго сөгүш берген. Андан кийин 2018-жылдын 7-марттында премьер-министр Сапар Исаков, 2018-жылдын 4-июнунда Мухаммедкалый Абылгазиев сөгүш берди. Негизи бир сөгүш берилгенден кийин экинчисинде кетириши керек эле, тилекке каршы, ал мыйзам Абдыкалыкка иштеген жок. Коррупция гүлдөп, жазасыз аңчылык уланып, Кызыл Китепке кирген жапайы жаныбарлар дале атылып жатат.

Коррупция гүлдөп жатканын Рустамов жетектеген агенттиктин кызматкерлерине каршы «коррупция», «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «мамлекеттик каражатты кымыруу» беренелери боюнча 72 кылмыш иши козголгон фактыдан көрсөк болот. Буларды далилдеген көптөгөн материалдар ММКларда жарыяланды, бирок бийлик тарабынан чара көрүлгөн жок. Мамлекетти иттин шыйрагындай көрбөгөн Абдыкалык жакында тоо-кен компанияларынын ишин жеңилдетип, тармакка инвестиция тартуу керек деген шылтоонун алкагында көп жылдык токойлорду кыюуга тыюу салган мораторийди «талкалоо» сунушун өкмөткө киргизиптир. Бул сунуш колдоо тапса кен казган компаниялар токойлордо казуу иштерин жүргүзүп, өзгөчө баалуу бадалдардын жана дарактардын түрлөрүн кыюуга уруксат берилет. Бул токой чарбасындагы коррупцияны ого бетер күчөтүү менен барабар да. Ансыз деле Рустамовдун кызматкерлери токойлордон киреше таап, туйтуна турган жолдорду өздөштүрүп, «Бактарда кандайдыр бир илдет чыкты» деген негизсиз шылтоолор менен өзгөчө баалуу жана көп жылдык өсүмдүктөрдү кыйып келе жатышат.

—Абдыкалык мырза, миңдеген жарандарыбыз алакандай жер тилкесине жетпей зар какшап жургөн маалда сиз декларацияңызда көрсөткөн 64 гектар жерди кандай жолдор менен качан алгансыз? Сиздин агенттик тоо-эчкиси, каман, түлкү, коен, фазан, өрдөк ж.б. жандыктарды атууга 62 лицензияны мыйзамсыз бергени аныкталып, Генералдык прокуратура жаныбарларды атууга мыйзамсыз уруксат берүү боюнча 2015-жылы 19-июнда иш козгогон ал эмне болду? 2015-жылдын 26-июнунда сизге жакын кишилерге таандык «Фортуна-Трэвел» жана «Окчонтой» ЖЧКларына мыйзамсыз лицензия берүү боюнча Генералдык прокуратура 304 берененин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде кылмыш ишин козгогон. Генералдык прокуратура 2017-жылы 11-ноябрда кайра жандандырып УКМКга тапшырган. Бул иш эмне болду?

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: