Menu

Мамлекетке түшкөн каражаттарды чөнтөгүнө салгысы келгендер кимдер?

Бөлүшүү:

Бара-бара көсөм болосуң дечү илгери кыргызда. Азыр бара-бара көсөм болбой эле, көк мээ болуп бара жатабызбы. Айталы дегенибиз, дегеле энерготармагында канчалаган чиновниктери камалса деле, бери жакта отуруп алып былгытып, мамлекетке каршы саясат кылгандардын саны кыскарбады.

Алсак, Бишкек шаарынын четиндеги, Сокулук районуна караштуу жаңы конуштардын бириндеги бардакка (башка сөз менен айта албайсың) чекит коюлбады. Бул жаңы конуш Селекция айылында жайгашкан жана Сары Өзөн -Чүй деп аталат. Конуш жалпысынан 500гө жакын түтүнгө ылайыкталган. Учурда 300гө жакын үй-бүлө жашайт. Алар бардык маселесин айыл өкмөткө оодарбай, өз кендирин өздөрү кескенди үйрөнүп алышкан. Чындыгында жергиликтүү бийликтен жаңы конушка участокторду сатууга гана уруксаат берилгени болбосо, башка бир дагы жардам болгон жок дешет жергиликтүү тургундар. Светти, сууну өз күчтөрү менен алып келишкен. Эми өз күчтөрү менен алып келген светти “Түндүк электро” ишканасы өз карамагына ала албай, төрт жылдан ашык убакыттан бери бул маселени чече албай келет. Тургундар ар бири бул ишкана менен жеке келишим түзүп, пайдаланган свет үчүн акчасын мамлекеттик бюджетке төгүп келет. Бирок, бул жерде эмнеге эле эл тартып келген линияларды “Түндүк электро” ишканасы балансына албай создуктуруп келет десе. Кызыктын баары ушул жерде экен да. Татынакай мамлекеттик бюджетке түшүп жаткан акчаларды эми “Түндүк электро” ишканасынын акылсыз жетекчилиги жеке компанияга берип жаткан тура. Бул жерде жеке бөлүштүрүүчү компания энергетиканын экс-чиновниктеринин биринин уулуна тиешелүү экен. Ал эми “Түндүк электро” ишканасынын жетекчилиги алар менен тымызын сүйлөшүп алып, биз билбейбиз деген сыяктуу четте туруп, өзүнүн долясын алганы жатса керек. Болбосо ансыз да ишеничтен кетип, кайра ошол ишеничин кайтара албай жаткан өкмөттү артка тарткан мындай акылсыз саясаттан карапайым эл эле жапа чеккени турат. Жеке менчик ээлери айрым тургундардан жылуу сөз менен алдап макулдук алышкан экен, бирок, биз каршыбыз деген тараптын жолугалы деген сунушунан качып, жашыруун келип кетет экен. Демек “Түндүк электро” ишканасынын азыркы жетекчилигинин да бул жерде кызыкчылыгы бар окшойт. Анткени мамлекеттин эсебине түшүп жаткан каражатты шарт эле бирөөлөрдүн чөнтөгүнө салып бергенин кантип түшүнсөк болот? Же президенттик администрация, өкмөттүн администрациясы, укук коргоо органдарынын өздөрүнүн дүйнөсү барбы? Аларды карапайым калктын көйгөйү кызыктырбайбы? Урматтуу Президент эл үчүн шарт түзөлү десе, “Түндүк электро” ишканасынын жетекчилиги өзү үчүн шарт түзөбү? Деги мындай акылсыз саясатка ким көз салат? Ал эми жергиликтүү бийликтен эл түңүлүп бүткөн, алардан бир нерсе үмүт кылып болбойт. Айыл өкмөтү менен жергиликтүү кеңештин депутаттары өздөрүнүн гана кызыкчылыгын ойлошот. Бул жакты чукуса, укмуштай бир ирик-чириктер чыгат дейсиң, башкасын айтпаганда, жол боюнда турган сейилдөөчү паркты үй салуу үчүн участокторго сатып жибергени эле өзунчө бир баян. Аны кое туралы, азырынча свет маселеси боюнча кийинки сандарыбызда толук иликтөө кылып, кимдин кандай кызыкчылыгы бар экендиги тууралуу маалыматтарды аныктаганга аракет кылабыз.

Булак: «Майдан»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: