Menu

Өзбекстанда мүлкү конфискацияланган фермер асынып алган

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Жизак облусунун 33 жаштагы тургуну Санжар Баратов уй сарайында асынып алган жеринен табылды. Туугандары ал мындай кадамга насыясын төлөбөгөндүгү үчүн мүлкүн алдырып жибергенден кийин барганын билдиришүүдө.

Маркумдун атасы Рабим Баратовдун айтымында, уулу өз жанын кыйгандан бир нече күн мурда үйүнө Мажбурлап аткартуу бюросунун кызматкерлери келип кетишкен.

– Ал күнү сыркоологон жубайым үйдө жалгыз болчу. Уулум менен келиним талаада иштеп жүрүшкөн. Аялым алардын кийинчерээк келүүсүн өтүнгөн. Бирок алар аны кемсинтип, килемдердин бирин алып кетишкен. Кийинки келгенде короодогу тракторду дагы алып кете тургандыктарын айтышкан», — деди ал.

Баратов келишимге ылайык, банк насыянын төлөнүшүн дагы 14 ай күтүп, андан кийин гана мыйзамдуу чараларды көрүшү керек болгонун кошумчалады.

Өз кезегинде Мажбурлап аткартуу бюросунун райондук бөлүмүнөн аларда фермердин банктагы насыясын жабышы керектиги тууралуу соттун чечими болгонун билдиришти. «Биздин кызматкерлер Санжар Баратовдун мүлкүн былтыркы карызы үчүн жазылган аткаруу кагазынын негизинде алып кетишкен. Алар күбөлөр менен барышкан, үйдө эч кимди кемсинтишкен эмес», — деп билдирди мекеме өкүлү.

Анын айтымында, былтыр Баратов банккан 57 миллион сум (6 900 АКШ доллары), быйыл 83 миллион сум (10 000 АКШ доллары) карыз болгон.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 6 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: