Кечээ, 24-ноябрда
КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облустук башкармалыгынын ыкчам тобу тарабынан “Сосновка” постунда жана Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымында (К. Көлбаев туннель) жылынуучу жайлар жана тамак-аш менен камсыздоо уюштурулган.
Андан сырткары Токтогул районунун “Арал” постунда жана Ала-Бел ашуусуда абалды тактоо максатында КР ӨКМнин Токтогул районунун бөлүмүнөн ыкчам топ саат 22:56да чыгып кетти.
Ал эми КР ӨКМнин ККББнун жана Чүй облустук башкармалыгынын ыкчам топтору азыркы кезде Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымында (К. Көлбаев туннель) унаа жолдогу абалды көзөмөлдөө иш-чараларын жүргүзүүдө. Кошумча маалымат берилет.
Бишкек — Ош унаа жолу автомашиналар үчүн убактылуу жабылды.
⠀
ӨКМдин маалыматына караганда, саат 15.40тар чамасында жолдун 127-чакырымына миң куб метрге жеткен кар көчкү түшкөн.
⠀
“Айдоочулардан жолго эртең чыгууну суранабыз. Биздин Жалал-Абад, Кара-Балта жана Сокулуктагы кызматкерлерибиз айдоочуларга эскертүү берип жатат”, — деди Оторов.
⠀
Чектөө “Сосновка” менен “Арал” бекеттерине киргизилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ