8-декабрда Кытайдын Хайнань деген аралында өтө турган “Мисс Мира-2018” конкурсунда казак ырчысы Димаш Кудайберген ырдайт. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына жазып чыкты.
“8-декабрда “Мисс Мира-2018” конкурсунда көрүшкөнгө чейин!”, – деп жазган ал.
Маалыматка ылайык, ырчы конкурстун финалдык бөлүмүндө ырдайт. Ал дүйнөлүк конкурста “Ұмытылмас күн” аттуу ырын орундайт. Бул ырдын сөзүн жана обонун ырчы өзү жараткан.
Айта кетсек, Казакстандын атынан Республиканын биринчи сулуусу Карагандалык Екатерина Дворецкая чыгат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ