Menu

ЖК Аппарат жетекчисинин орун басары Т.Шаболотов профессор окумуштуулук наамына ээ болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-июлда Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков парламенттин Аппарат жетекчисинин орун басары Тажимамат Шаболотовго Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын чечими менен ыйгарылган “Саясат таануу” адистиги боюнча профессор окумуштуулук наамын тапшырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган ардактуу наамдын атайын төш белгисин жана күбөлүгүн тапшырып жатып, Төрага Дастанбек Жумабеков  наам ээсине ийгиликтерди жана илим жолундагы зор жетишкендиктерди каалады.

Кошумчалай кетсек, Тажимамат Шаболотов Кыргыз Республикасынын II даражадагы мамлекеттик кеңешчиси, Техника илимдеринин кандидаты, доцент жана саясий илимдердин доктору, ошондой эле бир катар мамлекеттик жана башка сыйлыктардын ээси катары белгилүү.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: