БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова интернетте “шайлоо бюллетенинде шайлоочу койгон белгини күйгүзсө өчөт” деген сөздүн канчалык деңгээлде чын экенин текшерди.
Ал Нарын облусундагы жана Бишкек шаарындагы айрым шайлоо участкаларына барып, бюллетенге белги коюп, аны от менен күйгүзүп жок кылууга аракет жасайт. Видеодо көрүнгөндөй бюллетенге белги коюлгандан кийин от менен өчүрүүнү аракет кылганда, сыя калып барактын өзү күйгөн.
“БШК алган калемсаптардын сыясы күйгүзсө өчпөйт, бюллетенге коюлган белги (галочка) ошол бойдон калат. Буга кепилдик беребиз. Бирок, баары бир ишенбей кооптонуп жатсаңар, анда өзүңөрдүн калемсабыңарды ала келип, добуш берсеңер болот. Ага мыйзамда эч кандай чек жок” – деп билдирди Атыр Абдрахматова.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ