Menu

“Таарынчак элчи” Кылыч Султан эмнеден чочулайт?

Бөлүшүү:

“Кылыч Султан” деген эрен бар. Бир кезде «Ата Мекен» партиясынын квотасы менен социалдык коргоо министри болгон жайы бар. Алкездеги вице-премьер-министр Камила Талиева менен «тебише» кетип министрликти таштай качкан. Эски бийлик Кылыч мырзанын ээлик кылган «Супер-инфо» гезитинен чочулап, аны менен соодалашып Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кылып жиберген. Малайзиядан соң Түштүк Кореяга элчи болгон.

«Бөдөнө сойсо да касапчы сойсун» демекчи, азыркы бийлик элчилердин профессионалдык сапаттарына көңүл бура баштаганда эле, Кылыч мырза негедир «ызы чууну» баштаганы бизди таңкалдырды. Ал ТИМдеги коррупцияны ачам деп «кур дүрмөт» менен кыйкырып, ал жердеги майда барат кемчиликтер менен кошо өзүнүн да былык иштерин «чукуп» алып кызматтан кетүүгө мажбур болгону коомго белгилүү. Жөн кетпей президентке «таарынып», «фейсбуктагы» баракчасына: «Элим! Сооронбай Жээнбековдун саясий шоусун көрдүм. Бул бийликти таануудан баштартам. Чет өлкөдөн баш паанек сурап кайрылдым» деп бүт ааламга жар салганы кызык болгон.

«Башпаанекчи» Кылыч Султан 20-ноябрь күнү Кыргызстанга кайтып келди. «Кыргызстанга тобокелчиликке салып келдим» деп боорду эзди. Эмнеден улам «тобокелчи» болуп атканына биз таңбыз. Чочулаган бир нерсеси барбы? Ачык айтпайбы, «Мени мына мындан коркуп тобокелчиликке салып келдим» деп…

Экс-элчи өз сөзүнө каршы сүйлөдү. Дегенибиз, өзү жазгандай эмес экен. Ал эч бир өлкөдөн башпаанек сурабаганын айтып, ТИМдеги көйгөйдү ажого жеткйриш үчүн ушундай ыкма колдонгонун негиз келтириптир. Сөзүндө: «Жаман оюм менен эмес, жакшы ойдо президентке жеткирбей жаткан маалыматтарды жеткирүүгө аргасыз кылуу үчүн айткам. «Президентке маалымат жетпесин, жетсе дагы башкача жетсин» деген кайсы бир топтор, таасирдүү адамдар бар. Ошолорго каршы маалыматтык ыкма болду. Тобокелге салып келдим, азыр мамлекетибизде баары ойдогудай эмес. Жаман оюм менен эмес, жакшы ойдо президентке жеткирбей жаткан маалыматтарды жеткирүүгө аргасыз кылуу үчүн айткам» деген. Эми аны эч ким куугунтуктабаса, кысымга албаса кантип башпаанек сурайт?! Башпаанек алыш үчүн дагы негиздүү жүйөө болуш керек го…

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 21 = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: