Menu

Түркмөнстанда мамлекеттик кызматкерлерди пахта теримге жөнөтүү уланууда

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда мамлекеттик кызматкерлерди жапырт түрдө пахта теримге жөнөтүү уланып, план толтурбагандар 15 суткага камалууда. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлады.

Маалыматтарга караганда, өлкөнүн түштүгүндөгү Мары облусунда дарыгерлерди жана мугалимдерди азыркыга чейин пахта теримге жөнөтүшүүдө. Алар талаадагы пахтанын калдыктарын чогултушууда. План толтурбагандарды 15 күнгө чейин камап жатышканы айтылууда.

9-ноябрда Түркмөнстан өкмөтү 1 миллион 50 миң тонна пахта чогулуп, план толгонун кабарлаган.

Марыдан тышкары Дашогуз, Лебап облустарынын айрым аймактарында да мамлекеттик кызматкерлер ак була чогултушууда.

Түркмөнстанда пахта терим августтун аягында башталган. “Азаттыктын” түркмөн кызматы жана башка көз карандысыз медиа өкүлдөрү бул иштерге мамлекеттик кызматкерлер, ал гана эмес жоокерлер жана мектеп окуучулары тартылганын кабарлашкан.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: