Menu

Аблязов сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылды

Бөлүшүү:

Тараз шаарында сот мурдагы банкир, чет өлкөдө жашаган оппозиционер Мухтар Аблязовду «ТуранАлем» банкынын тең төрагасы жана топ-менеджери Ержана Татишевди өлтүрүүнү уюуштурууга айыптап, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратты.

Бул тууралуу 27-ноябрда жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты.

Жарыш сөз учурунда прокурор Аблязовду күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыратууну сурады. Мамлекет тарабынан дайындалган адвокат Жанар Кисыкова саясатчынын күнөөсү толук далилденбегенин белгиледи.

Татишев 2004-жылы өлтүрүлгөн. Алгач тергөөнүн жыйынтыгында ишкер аңчылык маалында кокустуктан улам курман болгону жазылган. Аңчылык учурунда Татишевдин жанында болгон Муратхан Токмади “өнөктөшүн кокусунан атып алган” деп айыпталып, бир жылга эркинен ажыратылган.

Бирок 2017-жылы иш кайра каралып, Токмади атайын уюштурулган киши өлтүрүүгө барганын мойнуна алган. Ал кылмышка Аблязовдун опузаларынан кийин барганын жүйө келтирген. Токмади 2018-жылдын март айында он жарым жылга абакка кесилген. Мухтар Аблязов өзү социалдык тармактарда Татишевдин өлүмүнө тиешеси жок экенин билдирип жүрөт. 2009-жылдан бери Европада жашаган Аблязов Токмадини тааныбай турганын айтып, ага тагылган айыптардын саясий мүдөөсү бар экенин кошумчалаган.

2017-жылдын июнь айында Казакстан соту Мухтар Аблязовду бир катар айыптар боюнча сыртынан 20 жылга абакка кескен.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: