Акыркы күндөрү саясий упай топтоо жагынан алдыга чыккан Адахан Мадумаров оңду-солду катыра сүйлөп, таскагын катуулата баштады. Бирок өткөн күндөрдөгү кара тактар көлөкөсүн түшүрүп, чыныгы элдик лидерге айланышына бөгөт коюуда. Эгер Адахан Кытай мамлекетинде жашап калганда мамлекеттин жерине зыян келтиргени үчүн алдакачан атууга кетмек. Кудай сактап айкөлдүгү чектен ашкан Кыргызстанда өмүр кечирип калыптыр. Муну эсине салып койгонубуз оң.
—Адахан Кимсанбаевич, президент менен «экс» жетекчилер жолугушкан жолугушууда парламент депутаттарынын ар бири 6 миллион сом тураарын айтып «балп» дедирдиңиз. Буга далилиңиз барбы? «Ойноп сүйлөсөң дагы ойлоп сүйлө» дейт элибизде. «Бетке айтам, кечирип коюуңуздар» деп коюп ашмалтайланып, элдин баишн айланта берүүнүн кандай зарылчылыгы бар? Депутаттар ар-намысын коргоп сизди сотко берсе утуласыз да?
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ