Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Руслан Чойбеков ооруканаларда кезекте туруу жана дарыгерлердин дем алыш күндөрү ишке чыкпагандыгы боюнча чара көрүлүшү керектигин айтты.
“Кыш мезгили башталганда бардык эле балдар ооруй башташат. Энелер балдары менен ооруканага барса, кезек күтүшөт, же болбосо, бүгүн эс алуу күнү деп кабыл алышпайт. Эмне, биз эми балдарды ишемби, жекшемби күндөрү оорубагыла дейбизби? Эгерде оорукананын жетекчилери элге шарт түзүп бербесе, орундарын бошотушсун. Балдар ооруканасында иштеген жетекчилерге чара көрүлүшү керек”, – деди депутат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ