Menu

Фото – Кытайга тийип, эрине кыргыз жарандыгын алып берип жаткан кыздар талкууга түштү

Бөлүшүү:

28-ноябрда Facebook социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу Аймира Калыкованын “Жаңы доор” тайпасына кытайлык жигиттерге турмушка чыгып, аларга кыргыз жарандыгын алып берип жаткан кыргыз кыздарына нааразы болуп жазган посту чуу жаратууда.

Айрым окурмандар алар жарандыкты алгандан кийин таштап кетишет деп пикир калтырса, кээ бирлери Кытайдын демографиялык саясатына каршы мыйзам чыгарыш керек, кытайга тийген кыргыз кыздарынын жарандыгын жокко чыгарып, алардын төрөгөн балдарына жарандык бербеш керек деген пикирлерин калтырышкан.

“Мен кыргыз кыздарынын башка улутка турмушка чыгышына каршы деле эмесмин, балким, жүрөгүндө кыргыз деген өз улутуна жалыны бийик патриот кыздардан болсо, кандайдыр бир деңгээлде пайдасы тийиши мүмкүн. Бир мисал: немецке турмушка чыгып, Германияда жашаган бир кыргыз кызы жөнүндө репортажды ушул интернеттен көрүп калдым эле. Короосуна кыргыз үйдү кооздоп тигип, ичин бүт кыргыздын улуттук орнаменттери менен жасалган буюмдарга толтуруп, балдарына, жолдошуна комуз черткенди, кыргыз тилин үйрөтүп койгон экен. Ал кыргыз келин диссертация жактаган, илим доктору экен. Интервьюсунда: “Мен колуман келишинче өлкөбүздүн бутка турушуна жардам берем, бул жакка келген кыргыз студенттерине колдоо көрсөтүп жатам, жүрөгүм кыргыз деп согот” – дегенин окуп, ыраазы болгом.
Бирок, кыргыз кыздары кытай жарандарына турмушка чыгып,..  аларга Кыргызстандын жарандыгын алып берип, КР да калтырганына каршымын!…

Кытайлар дүйнөдө саны жагынан эң көп улут экендигин мен айтпасам деле, баарыңыздар жакшы билесиздер да. Эсиңерге келгилечи, кыргыздын керилген сулуу кыздары,..” – деп жазган Аймира Калыкова.

Посттун алдына Аймира Калыкова иллюстрация катары Facebook социалдык тармагынын дагы бир активдүү колдонуучусу Айсулуу Жылдызбекованын элге ачык жарыялаган “Менин кытай күйөөм” аттуу фотолор топтомун жарыялаган.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 + = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: