Баш калаанын Жибек Жолу көчөсүндө жайгашкан аянты боюнча өлкөдөгү эң чоң мечитти билесиңер да. Кудай Тааланын дал ушул ыйык жайында жума намаз учурунда момун мусулмандардын бут кийимдерин уурдамай өнөкөтү бирин-экин катталууда. Балким айрымдары кишинин көптүгүнөн алмаштырып же байкабай да кийип кетүүлөрү мүмкүн. Бирок, соңку жума намаз окулган күнү үч момун мусулман кийип келген бут кийимдерин бир мезгилде карайлап таппай калышканына өз кабарчыбыз күбө болгон. Албетте, ыйык жайдан колу туткактык кылгандарды Алла Таала өзү жазалаар. Бирок, Бишкек шаарынын башкы «кызыл шапкечиси» Сталбек Рахманов өзү да бул маселеден кабардар болуп, мечиттен «бизнес кылышкан» эки аяктуу айбандарды таап, катуу жазаласа соопчулук иш кылат беле? Ошол жерге тиешелүү ГОМдун начальниги Талант Аттокуровго жакшылап тапшырма берсе эле, ууруларды илгиртпей илет эле.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ