Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Европа биримдигинин Атайын өкүлү Петер Буриан менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайы өкүлү Петер Буриан менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы жана Европа биримдиги ортосундагы кызматташтыкка тийиштүү кеңири багыттар боюнча маселелер талкууланды. Тактап айтканда, биргелешкен долбоорлордун жана келишимдердин ишке ашырылышынын жүрүшү, мындан аркы өз-ара аракеттешүүнүн негизги артыкчылыктары тууралуу пикир алышуу орун алды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасы жана Европа биримдиги ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгилеп, Европа биримдигине социалдык-экономикалык тармактагы ар кыл долбоорлорду  ишке ашырууда көрсөтүп жаткан көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайы өкүлү Петер Буриан Кыргыз Республикасы жана Европа биримдигинин ортосундагы эки тараптуу мамилелердин акыркы мезгилдеги оң динамикасын канааттануу менен белгиледи.

«Биз Кеңири өнөктөштүк жөнүндө жаңы келишим терең кызматташтык үчүн, анын ичинде соода-экономикалык жаатында кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүүсүн күтүүдөбүз. «ВСП+» статусунун алкагында зор мүмкүнчүлүк бар, аны сөзсүз түрдө колдонуу зарыл», – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: